Кыргыз тилин үйрөнүүчүлөр үчүн видеокурс жарык көрдү

© Sputnik / Лев РыжковКыргыз-тил китебин окуп жаткан студент. Архив
Кыргыз-тил китебин окуп жаткан студент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы узактыгы 13 саат 20 мүнөттөн турган курс кыргыз тилин үйрөнүүчүлөр үчүн үч тилде (кыргыз, орус, англис) жеткиликтүү, кызыктуу сабактарды камтуу менен тилди оңой үйрөнүүгө багытталган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргызстанда "Кыргыз тилин жеңил үйрөнөбүз" аттуу видеокурс даярдалганын президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдирди.

Уикипедиянын кыргыз тилиндеги баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев: кыргыз тилин үйрөнүү үчүн муктаждык жаратуубуз зарыл
Маалыматка ылайык, эки бөлүктөн туруп, 40 сабакты камтыган видео түрүндөгү курсne аталган комиссиянын демилгеси менен "Universum" маданий-билим берүү борбору түзгөн.

Жалпы узактыгы 13 саат 20 мүнөттөн турган курс кыргыз тилин үйрөнүүчүлөр үчүн үч тилде (кыргыз, орус, англис) жеткиликтүү, кызыктуу сабактарды камтуу менен тилди оңой үйрөнүүгө багытталган.

Видеосабакты толук түрдө www.mamtil.kg сайтынан табууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0