Салбурун фестивалына Катар мамлекетинин шейхи келди

© Sputnik / Табылды КадырбековСалбурун оюндары учурунда. Архив
Салбурун оюндары учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-жолу уюштурулуп жаткан эл аралык турнирге Монголия, Казакстан, Түштүк Корея, Катар жана Кыргызстандын жаачы, кушчулары катышты.

БИШКЕК, 26-окт.— Sputnik. Дем алыш күндөрү Ысык-Көлдүн Бөкөмбаев айылында Салбурун фестивалы өтүп, ага беш мамлекеттин жаачылары, кушчулары жана тайганчылары келгенин Салбурун федерациясынын негиздөөчүсү жана президенти Алмаз Акунов Sputnik агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 10-жолу уюштурулуп жаткан эл аралык турнирге Монголия, Казакстан, Түштүк Корея, Катар жана Кыргызстандын жаачы, кушчулары катышты.

"Быйыл көпчүлүк мамлекеттин өкүлдөрү байкоочу катары милдет өтөдү. Мисалы, Казакстандан 22 киши келди. Келген коноктордун көпчүлүгү жаачылык өнөр боюнча өз артыкчылыктарын көрсөттү. Ал эми куш менен тайганды чек арадан алып өтүү көп машакатты жаратат", — деди ал.

Акуновдун айтымында, эл аралык мааракелик турнирге 127 өкүл катышкан. 

Салбурун боюнча ири турнир чет элдиктердин катышуусу менен Ысык-Көлдө өтөт
Түркиядан келе турчу коноктор келе албай калганын билдирип, жааларын белекке берип жиберишкен. Ошондой эле, Катар мамлекетинин шейхи жана өлкөнүн кушчулар уюмунун вице-президенти ушуну менен үчүнчү жолу келди.

Дем алыш күндөрү 24-25-октябрда Ысык-Көл облусунун Бөкөмбаев айылында Салбурун боюнча эл аралык турнир өттү. Аны көрүүгө туристтер, жергиликтүү эл жана бийлик өкүлдөрү катышты.

Турнирдин негизги максаты кыргыз элинин маданий мурасын сактоо жана жайылтуу, ошондой эле достукту бекемдөө болуп саналат.

Мелдеш шумкар таптоо, чырга тартуу, тайгандардын жарышы, жаа атуу боюнча өтүп, ат чабыш, кыз куумай менен коштолуп, мындан сырткары, кыздардын жана жаш балдардын таймаштары да өзүнчө өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0