Баткен окуясында каза болгон жоокерлер эскерилди

© пресс-служба Генштаб КРКоргоо министрлигинин алдындагы "Жоокер эрдиги" монументинин алдында 1999-2000-жылдары Баткен окуясына курман болгон жоокерлер эскерилип, митинг-реквием болуп өттү
Коргоо министрлигинин алдындагы Жоокер эрдиги монументинин алдында 1999-2000-жылдары Баткен окуясына курман болгон жоокерлер эскерилип, митинг-реквием болуп өттү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен окуясында 45 аскер кукман болгон. Бул жылы Алымкожоевдин буйругу менен каза тапкан жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө 5000 сомдон материалдык жардам көрсөтүлдү.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Коргоо министрлигинин алдындагы "Жоокер эрдиги" монументинин алдында 1999-2000-жылдары Баткен окуясына курман болгон жоокерлерди эскерүү митинги болуп өткөнүн аталган мекеме билдирди.

Коргоо министрлигинин шеврону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коргоо министрлиги Баткен окуясында курман болгондорду эскерди
Иш-чарага КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы генерал-майор Асанбек Алымкожоев, генерал-полковник Мырзакан Субанов, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев, Бишкек гарнизонунун жеке курамы, Баткен жоокерлери жана курман болгондордун жакындары катышты.

Митинг учурунда аза мүнөтү жарыяланып, үч ирет мылтык атылды. 

Баткен окуясында 45 аскер кукман болгон. Бул жылы Алымкожоевдин буйругу менен каза тапкан жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө 5000 сомдон материалдык жардам көрсөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0