Сариев: дипломаттардын кесипкөйлүгү Кыргызстандын таасирин арттырды

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев. Архив
Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет жерде жүргөн кыргызстандыктардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча дипломаттардын иш-аракетин өзгөчө белгилеген өкмөт башчы алардын мындан аркы ишмердүүлүк үчүн кеңири мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандык дипломаттардын кесипкөйлүгү тышкы саясат жаатында маанилүү стратегиялык маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк бере турганын премьер-министр Темир Сариев дипломатиялык кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктоо сөзүндө билдирди.

Анын айтымында кыргызстандык дипломатия жалпы жонунан тышкы коркунучтарга натыйжалуу аракеттерди көрүп, Кыргызстандын чет элдик өнөктөштөрү менен кызматташуусунда өлкөнүн улуттук кызыкчылыгын жигердүү көздөп келет.

"Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу боюнча көп эмгек жумшадык, мамлекеттин башка өлкөлөрдөгү таасирин күчөттүк. Эмдиги жылы Кыргызстандын КМШдагы төрагалык ардактуу миссиясын ишке ашырабыз. Ушунун бардыгында сиздердин талыкпаган күжүрмөн эмгегиңиздер күч", — деп айтылат куттуктоодо.

Чет жерде жүргөн кыргызстандыктардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча дипломаттардын аткарган иш-аракетин өзгөчө белгилеген өкмөт башчы алардын мындан аркы ишмердүүлүк үчүн кеңири потенциалы бар экенин кошумчалап өттү.

Куттуктоосунун соңунда Сариев кыргызстандык дипломаттарга бекем ден соолук жана ийгилик каалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0