Мамагенттик жетекчиси ЖМКларга улуттар аралык чатактар жөнүндө этият жазууну сунуштады

© Sputnik / Таалай ОроскуловМамлекеттик агенттиктин жетекчиси Бакыт Рыспаев. Архив
Мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Бакыт Рыспаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикада улуттар аралык ынтымакты сактоодо журналисттердин эмгеги өтө маанилүү деп белгиледи Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Бакыт Рыспаев.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Жалпыга маалымдоо каражаттары улуттар аралык чыр-чатактар жөнүндө малыматтарды жакшылап таразалап, анан чагылдырышы керек дейт Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Бакыт Рыспаев. 

Аны айтымында, агенттик республикада жашоочу түрдүү улуттардын ортосундагы келишпестиктердин алдын алуу боюнча иш алып барат. 

"ЖМКлар сенсациянын артынан түшүп алып, ашыкча көбүртүп-жабыртып, абалды тереңдете турган материалдарды жазган учурлар кездешет. Ошондуктан журналисттерге кайрылып айтарым, улуттар аралык чыр-чатактар туурасында жакшылап таразалап көрүп, анан жазсаңар. Чынына келсек, силердин колуңарда адамдардын тагдыры турат", — деди Рыспаев.

Ал белгилегендей, "улуттар аралык" деп аталган чыр-чатактардын түпкүрүндө жаткан себептер күнүмдүк тиричилик менен гана байланышып, улуттук жек көрүүчүлүккө эч тиешеси жок экендигин көпчүлүк кагылышууларга карата жасалган талдоолор далилдейт.

"Биз калк менен түздөн-түз алдын алган маектерди жүргүзүп, аларды ынтымакта жашоого чакырып келебиз. Ооба, улуттук маселенин шылтоосу менен чыр-чатактарды ушул деңгээлге көтөрүп жиберген учурлар болгону менен, андайлар чынында, өтө аз", — деди ал.

Ошондуктан ЖМКлардын иши өтөт маанилүү, жана өлкөдө тынчтыкты жана ынтымакты сактап туруунун жооптуу компоненти болуп эсептелет деди Рыспаев.

Жаңылыктар түрмөгү
0