Нарында жол салган компания кетирген кемчиликтерин 3 күндө жойбосо, иши токтотулат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү аткарылып жаткан иштер сапатсыз болуп, белгиленген мөөнөттө бүткөрүлбөй жатканын баса белгиледи.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунун 272-365 чакырымын оңдоп жаткан "Копри Синогидро" компаниясы жол салууда кетирген кемчиликтерин үч күн ичинде жойбосо, иши токтотулат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облустук өкүлү Аманбай Кайыпов аталган компаниянын өкүлү менен жолукканда билдирген.

Кайыпов аткарылып жаткан иштер сапатсыз жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлбөй жатканын баса белгиледи. 

"Аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча бир нече ирет сиздерге көрсөтмө берилген. Жолдун сапатсыз жасалганы сокур адамга деле көрүнүп жатат", — деди облус башчы.

Ал кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча компанияга үч күн убакыт берди. Эгер алар аткарылбаса, премьер-министрге билдирүү жасап, компанияын ишин токтотуу маселесин коёрун айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0