Курман болгон жоокер Исмаиловдун үй-бүлөсүнө өкмөт үч бөлмөлүү үй берет

Жазылуу
ИИМ кызматкери, милициянын капитаны Төлөбек Исмаилов түрмөдөн качып чыккан кылмышкерди жок кылуу боюнча атайын операцияда каза болду.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Өкмөт курман болгон Төлөбек Исмаиловдун үй-бүлөсүнө жаңы салынып жаткан үйдөн үч бөлмөлүү батир бере турганын премьер-министр Темир Сариев жоокер менен коштошуу зыйнатында билдирди.

Курман болгон жоокер Исмаилов менен коштошуудагы аза кайгысы
Кечээ, 22-октбярь күнү түнкү саат 22.30да "Достук" кичирайонунда жашырынып жаткан Алтынбек Итибаев жок кылынган. Үч саатка созулган атайын операцияны ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаев жетектеп, атышуу учурунда Исмаилов башына ок тийип каза болгон.

Буга чейин курман болгон жоокердин үй-бүлөсүнө президент бир миллион, ал эми өкмөт 50 миң сом бөлүп бергени маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0