ӨКМ: Төө-Ашуудагы автотыгын суюлду, бардык жолдор ачык

Жазылуу
Аба ырайынын начарлашы менен тоолорго кар жаады. Тийиштүү ишканалар жолду тазалоо чараларын көрүүдө.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Эртең мененки саат 8.00гө карата республиканын бардык жолдору унаалар үчүн ачык экенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, бейшемби күнү болжол менен саат 15.30да Бишкек — Ош кан жолунун 136-чакырымында Төө-Ашуу менен жогору карай чыгып келе жаткан жүк ташуучу унаа туурасынан туруп калып, жол кыймылын жаап калган. 

"Мындан улам автотыгын пайда болгон. Ал эки саатка созулду. "Сосновка" постунда жана Токтогул менен Кара-Көл шаарларында 16.00дө жүк ташуучу унааларга чек коюлду", — деп айтылат билдирүүдө.

Мекеме жолдун айрым жерлеринде 15 сантиметрге чейин жеткен кар жааганын маалымдайт. Учурда тийиштүү ишканалар жолду тазалоо чараларын көрүүдө. 

Мындан тышкары, ӨКМ Казарман — Жалал-Абад жолундагы "Сары-Кыр" ашуусу Тогуз-Торо райондук администрациясынын токтому менен жабылганын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0