Курман болгон жоокер Төлөбек Исмаиловдун артында аялы менен үч баласы жетим калды

© Sputnik / Табылды КадырбековПоиски беглецов заключенных из СИЗО №50
Поиски беглецов заключенных из СИЗО №50 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
37 жашында курман болгон Төлөбек Исмаиловго арналган эскерүү бүгүн министрликтин имаратында өтүп, сөөгү кичи мекени Нарынга жөнөтүлөт.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Түрмөдөн качып чыккан кылмышкер Алтынбек Итибаевди жок кылуу операциясында курман болгон атайын даярдыктагы ыкчам отряддын жоокери Төлөбек Исмаиловдун артында аялы жана үч баласы калды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

© фото предоставлено СОБР МВД КРПогибший боец СОБРа МВД Исмаилов Толобек
Погибший боец СОБРа МВД Исмаилов Толобек - Sputnik Кыргызстан
Погибший боец СОБРа МВД Исмаилов Толобек

Кылмышкер Алтынбек Итибаев жашынып, атышкан батирден тартылган кадрлар
Кечээ, 22-октбярь күнү түнкү саат 22.30да "Достук" кичирайонунда жашырынып жаткан Алтынбек Итибаев жок кылынган. Үч саатка созулган атайын операцияны ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаев жетектеп, атышуу учурунда бир жоокердин башына ок тийип каза болгону белгилүү болгон.

37 жашында курман болгон Төлөбек Исмаиловго арналган эскерүү бүгүн министрликтин имаратында өтүп, сөөгү кичи мекени Нарынга жөнөтүлөт.

Исмаилов 2006-жылы "Эрдик" медалы менен сыйланган. ИИМ менен УКМКнын бир катар ардак грамоталарына да татыган.

Кылмышкерди жок кылуу операциясында жай адамдар — Батыш Койчуманова жана Медет Какеев аттуу бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү да каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0