WhatsApp-канал: сары түстөгү жол чийин бир ай өтпөй өңүн жоготууда

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкекте сары түстөгү жол чийиндери. Архив
Бишкекте сары түстөгү жол чийиндери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте сары түстөгү жол чийиндерин түшүрүү октябрдын башында башталган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бишкектин Пушкин көчөсү менен Манас проспектинин кесилишинндеги жол чийиндин өңү өчүп, сапаты начарлап кеткенин Sputnik агенттигинин окурманы WhatsApp-канал аркылуу билдирди.

Октябрь айынын башында борбор калаанын айрым көчөлөрүнө эксперимент катары сары түстөгү жол чийиндер түшүрүлө баштаган. 

© SputnikWhatsApp-канал: желтые "зебры" стерлись, не прослужив и месяца
WhatsApp-канал: желтые зебры стерлись, не прослужив и месяца - Sputnik Кыргызстан
WhatsApp-канал: желтые "зебры" стерлись, не прослужив и месяца

Мэрия эгер өзгөрүүлөр шаар тургундары тарабынан жакшы кабыл алынса, калаанын бардык көчөлөрүнө ушундай чийиндер түшүрүлө турганын билдирген. 

Жаңы жол чийиндер үчүн узакка чейин өчпөй турган сапаттуу сыр тандаларын Жол кайгуул кызматынын өкүлү Мирлан Чалабаев билдирди. Ал сары түскө боёо жөн гана эксперимент экенин эскертти.

"Учурда биз көпкө чыдай турган сырдын түрлөрү боюнча "Бишкекасфальтсервис" ишканасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Шаардыктардын сары түстү жакшы кабыл алганы кубандырат", — деди ал.

Чалабаев шаардык кызматтар жол иштери башталганда сары түстөгү жол чийиндерди түшүрүүнү уланта турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0