Качкын президент Бакиев Кыргызстан тууралуу китебин тартуулайт

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүӨлкөдөн качып кеткен мурунку президент Курманбек Бакиев. Архив
Өлкөдөн качып кеткен мурунку президент Курманбек Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурунку ажо өлкөдөн 2010-жылдагы революциядан соң качып кеткен. Учурда ал Минск шаарында күн кечирип келет.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Апрель окуяларынан кийин өлкөдөн качып кеткен мурунку президент Курманбек Бакиев "Боль, любовь и надежда: Мой Кыргызстан" аттуу китебинин бет ачарын өткөрөт. 

Бакиевге окшош таксист Кыргызстанда жашоону жакшы жакка өзгөртүүгө убада берди
Китеп Минск шаарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 16.00дө (Бишкек убактысы боюнча саат 19.00) маалымат жыйында тааныштырылат.

Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрель айындагы элдик революциядан кийин Кыргызстандан качып кеткен. Нааразы болуп аянтка чыккан эл менен укук коргоо органдарынын ортосундагы кагылышуудан 7-апрелде 77 адам каза болуп, 400дөн ашууну жарадар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0