Акыйкатчыга дооматын арткан эркектер көп кайрылат

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖамгырчиева Гульнара Оморовна
Жамгырчиева Гульнара Оморовна - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери Акыйкатчы институту 8 миңден ашуун адамга жардам көрсөткөн. Алардын көбү укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын аракетсиздигине нааразы болгондор.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында укук коргоо маселелерине байланыштуу Акыйкатчы институтуна сегиз миңден ашуун жаран кайрылганын аталган мекеме билдирди.

Шайлоонун өтүшүнө акыйкатчы институту да көзөмөл жүргүзөт
Жалпы жонунан январь-сентябрь айларында Акыйкатчынын өзүнө жардам сураган 1912 адамдан арыз түшкөн, анын 108и жамааттык болуп саналат. Ал эми институтка кайрылган 8173 адамдын 52,3 пайызы эркектер. 

Акыйкатчынын милдетин аткаруучу Гүлнара Жамгырчиеванын айтымында, арыздардын бири да каралбай калган эмес. 684 арыз жерине барып текшерилген. Мындан тышкары, институт 600дөн ашуун сот процессине байкоо жүргүзгөн. Беш миңге чукул жаранга акысыз юридикалык консультация берилген. 

"Арыздардын көбү укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын аракетсиздигине нааразы болгондордон түшкөн. Күнү-түнү иштөөчү 115 ыкчам номери аркылуу 2821 адам кайрылып, ар бир чалууга тийиштүү жооптор, түшүндүрмөлөр берилген", — деп айтылат билдирүүдө. 

115 номери күнү-түнү иштеп, ыкчам кызматтардын катарына кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0