Ош мэриясы жылуулук берүүгө даяр

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаарына көрүнүш. Архив
Ош шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия жылуулук абанын температурасы 8 градустан төмөн болгондо берилерин белгилейт. Азыркы учурда Ошто күн +11…+13 градуска чейин жылуу болуп турат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы толугу менен жылытуу сезонуна даяр экенин муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Түштүк борборунун турак жайларын жана социалдык мекемелерин жылуулук менен Оштун ТЭЦи камсыздайт.

Мэрия жылуулук абанын температурасы 8 градустан төмөн болгондо берилерин белгилейт. Азыркы учурда Ошто күн +11…+13 градуска чейин жылуу болуп турат.

Ал эми Бишкекте жылуулук 20-октябрдан баштап бериле баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0