АУЦА менен КТУ Европа жана Борбордук Азия боюнча мыкты ЖОЖ катарына кирди

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүСтуденттер тыныгуу учурунда. Архив
Студенттер тыныгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтинг түзүүдө окуу жайдын илимий кадыр-баркы, иш берүүчүлөрдүн аброю, окутуучулар менен студенттердин саны жана окуу жайда чыгарылган материалдардын пайдаланылышы эске алынган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Борбордук Азиядагы Америка университети (АУЦА) Европа жана Борбор Азиянын өнүгүп келе жаткан мамлекеттеринин жогорку окуу жайларынын ичинен 100-орунду ээледи. Рейтинг "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин "Социалдык навигатору" менен Улуу Британиянын Quacquarelli Symonds компаниясы тарабынан түзүлгөн.

Бардыгы болуп QS EECA (Emerging Europe & Central Asia) рейтингине 22 мамлекеттен 150дөн ашуун ЖОЖ кирген.

АУЦА Россия, Латвия, Литва, Чехия, Польша жана Азербайжандын окуу жайлары менен катар 100-орунду ээлеген.

Сариева: атаандаштыкка жөндөмсүз ЖОЖдор жабылат
Раззаков атындагы кыргыз техникалык университет рейтингге кирген, бирок эч кандай орун алган эмес.

Тизменин биринчи сабында Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети ээлеген. Экинчи орунда Новосибирск мамлекеттик университети турат. Алдыңкы бешилтикке Чехиянын Карлов университети, Тартус университети жана Санкт-Петербург мамлекеттик университеттери бар. 

Рейтингге Казакстандын 14 окуу жайы кирген.

Аталган тизмени түзүүдө окуу жайдын илимий кадыр-баркы, иш берүүчүлөрдүн аброю, окутуучулар менен студенттердин саны жана окуу жайда чыгарылган материалдардын пайдаланылышы эске алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0