Академик Муса Адышевдин мемориалдык тактасы ачылат

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүКыргыз Республикасынын Илимдер академиясы. Архив
Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Профессор Адышевдин жетекчилиги менен 14 докторлук жана 107 кандидаттык иш жазылган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Академик, профессор, геология илимдердин доктору Муса Адышевдин 100 жылдыгына карата Геология институтунда саат 10.00дө окумуштуунун мемориалдык тактасы ачыла турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Тегерек стол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү окумуштуу Баян Аламановдун 100 жылдыгына арналган иш-чара болот
Муса Адышев 1915-жылы Ош облсунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. Кезинде Илимдер академиясында кичи кызматкерден баштап мекемени жетектегенге чейин жеткен. 

"XX кылымдын илим жаатында жетишкен ийгилиги үчүн" Кыргызстандын президентинин алтын медалы менен сыйланган. Адышевдин жетектөөсү менен 14 докторлук, 107 кандидаттык диссертация жазылган.

22-октябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда белгилүү академиктин мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0