Министр Сариева акча чогулткан мектептерге чара колдонот

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевБилим берүү жана илим министри Элвира Сариева. Архивное фото
Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева мектептерде түрдүү шылтоо менен акча чогултуу министрликтин буйругун аткарбагандыкка жата турганын белгиледи.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Мектептерде ыктыярдуу түрдө деген шылтоо менен акча чогултууларга карата чара көрүлө турганын Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева өзүнүн Facebook социалдык тармактагы баракчасына жазды.  

Уважаемые родители школьников, напишите, пожалуйста, в комментариях или в сообщении, если вам приходится платить т.н. до…

Posted by Elvira Sarieva on 19 октября 2015 г.

Мектеп ашканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башталгыч класстарды тамактандырууну жакшыртуу боюнча окуулар өтүп жатат
Министр окуучулардын ата-энелерине кайрылып, алар мектепке кандай түрдө акча бере турганын билүүгө кызыкты. Эгер кимде-ким түрдүү шылтоо менен акча чогултууга күбө болсо, өзүнө билдирүүсүн өтүндү. Мындай аракеттерге карата министрликтин буйругун аткарган жок деп чара көрүлө турганын Сариева баса белгиледи.

2013-жылы 11-апрелде ошол убактагы билим берүү министри Канат Садыков билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу боюнча буйрукка кол койгон.

Быйыл Кыргызстанда 109 миңден ашуун жеткинчек мектеп босогосун алгачкы жолу аттады. Өлкө аймагында 2207 мектеп бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0