Суу түтүгүн орнотууга бөлүнгөн 1 млн. сом акчаны кызматкерлер өз ара бөлүп алган

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүСуу түтүгү. Архив
Суу түтүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дархан айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тымызын сүйлөшүп, документтерди жасалмалоо менен жалган тендер өткөрүп, "Жоомарт-Элес" компаниясын жеңүүчү кылып, акчаны бөлүп алгандан кийин курулуш иштери ара жолдо калган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Суу түтүгүн орнотууга бөлүнгөн акчаны өз ара бөлүп алган Жети-Өгүз районундагы Дархан айыл аймагынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгонун УКМК билдирди.

Ошто калк отурукташа турган 30 гектар жер тилкеси ЖОЖ ректоруна сатылып кеткен
Маалыматка ылайык, 2012-жылы аталган айыл жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу максатында бюджеттен 1 миллион сом бөлүнгөн. Ага жоопкер кызматкерлер "Жоомарт-Элес" ишканасы менен жең ичинен сүйлөшүп, жалган тендердин жыйынтыгы менен аталган компанияны жеңүүчү деп тапкан. 

Ал эми бөлүнгөн каражатты Дархан айыл өкмөтүнүн менен "Жоомарт-Элес" ишканасынын жетекчилиги өз ара бөлүп алган. Ушул убакка чейин суу түтүгүн орнотуу иштери аягына чыга электиги маалым болду.

Коррупцияга каршы кызматтын чогулткан материалдарынын негизинде Жети-Өгүз районунун прокуратурасы "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Документ жасалмалоо" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду. 

Тергөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0