Ошто калк отурукташа турган 30 гектар жер тилкеси ЖОЖ ректоруна сатылып кеткен

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТалаа. Архив
Талаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт токтотумунун негизинде аталган жер тилке 154 үлүшкө бөлүнүп, мектеп, бала бакча, дарыкана жана башка керектүү инфраструктура курулмак.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Ошто транстформацияланган 30 гектар жер 310 миң сомго мыйзамсыз сатылып кеткен факт аныкталганын Башкы прокуратура билдирди.

Жазгы талаа иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара-Сууда айдоо жерлери жеке жактарга мыйзамсыз өтүп кеткен
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Жапалак айыл кеңешинин муктаждыгын чечүү үчүн өкмөт өзүнүн токтому менен 30 гектар аянттагы айыл чарба жерин калк отурукташа турган жерге которгон. Ал 154 үлүшкө бөлүнүп, мектеп, бала бакча, дарыкана, ФАП, өндүрүш-өнөр жай комплекси жана башка керектүү инфраструктура салынмак.

Бирок шаардык мэрия, өкмөттүн, Жапалак айыл өкмөтүнүн аппараты, Ош шаарынын архитектура жана мамлекеттик каттоо башкармалыгынын жетекчилиги аталган жер тилкесин ЖОЖ ректорунун аялына 310 миң сомго сатып жиберишкен.

Аталган факт боюнча "Коррупция" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0