Улуттук госпиталдын жетекчилигине 5,5 млн. сом зыян келтиргени үчүн кылмыш иши козголду

Жазылуу
Экспертизанын жыйынтыгы менен 50 миллион сомго сатып алынган дары каражаттары үчүнчү муундагы цефалоспориндик антибиотик тобуна кирип, курамы "Цефтриакцион" дарысындай экени белгилүү болгон.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Улуттук госпиталдын жетекчилери жогорулатылган баа менен дары-дармек сатып алып, мамлекетке беш миллион сомдон ашуун зыян келтиргени аныкталганын Башкы прокуратура билдирди. 

Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын жетекчилиги 2013-жылдын 6-февралында "Тороцеф", "Цеф 3", "Цефтрокс – Цефазон" дарыларын жогорулатылган баа менен сатып алган. 

Чек арада дары-дармектин жана тазалоочу каражаттардын аткезчилиги аныкталды
Экспертизанын жыйынтыгы менен 50 миллион сомго сатып алынган аталган дары каражаттары үчүнчү муундагы цефалоспориндик антибиотик тобуна кирип, курамы "Цефтриакцион" дарысындай экени белгилүү болгон.

Мындан улам өлкө бюджетине 5 миллион 606 миң сом зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Улуттук госпиталдын жетекчилигине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүү беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0