Турганбаев: качкан кылмышкерлерди жаап-жашыргандар мыйзам чегинде жооп берет

Жазылуу
Атайы операция учурунда качкындардын бешөө кармалып, төртөө из суутуп кетүүгө үлгүргөн. 16-октябрда издөө иш-аракеттеринин аркасында Бишкектин чет-жакасындагы "Дордой-1" жаңы конушунан кылмышкерлердин бири жок кылынган.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Түрмөдөн качып, учурда изделип жаткан кылмышкерлерди жаап-жашырган жарандар мыйзам алдында жооп бере турганын ички иштер министри Мелис Турганбаев билдирди.

Атамбаев: качкан кылмышкерлерди кармоо үчүн бардык аракеттер көрүлүүсү зарыл
Өткөн аптанын башында 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер качып чыккан. Токтотууга аракет кылган үч ЖАМК кызматкерин өлтүрүп, дагы бирин оор жарадар кылышкан. Ал беш күндөн кийин эсине келбей ооруканада каза болгон.

Атайы операция учурунда качкындары бешөө кармалып, төртөө из суутуп кетүүгө үлгүргөн. 16-октябрда жүргүзүлгөн издөө иш-аракеттеринин натыйжасында кылмышкерлердин бири Бишкектин чет-жакасындагы "Дордой-1" жаңы конушунан табылып, жок кылынган

Министрликтин маалыматында, айрым жарандар кылмышкерлердин изин жашырууга жардам берип жатышат.

"Качкындарды жаап-жашыргандар кылмышка тиешеси бар адам катары жоопкерчиликке тартылат", — деди Турганбаев.

Учурда укук коргоо органдары качкын кылмышкерлердин жайгашкан ордун аныктоо үчүн ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0