Атамбаев: качкан кылмышкерлерди кармоо үчүн бардык аракеттер көрүлүүсү зарыл

Жазылуу
Жолугушуу учурунда министр Турганбаев өлкө башчысын качып жүргөн үч кылмышкерди издөө иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, учурда ички иштер бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев түрмөдөн качкан кылмышкерлерди жакын арада кармоо үчүн бардык аракеттер көрүлүшү керектигин ички иштер министри Мелис Турганбаевди кабыл алуу учурунда билдирди.

ИИМ кызматкерлери издөө иш-чараларында. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: түрмөдөн качкандар жаңы конуштардан жана дачалардан изделип жатат
Маалыматка ылайык, өткөн аптанын башында 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер качып чыккан. Токтотууга аракет кылган үч ЖАМК кызматкерин өлтүрүп, дагы бирин оор жарадар кылышкан. Ал беш күндөн кийин эсине келбей ооруканада каза болгон.

Атайы операция учурунда качкындары бешөө кармалып, төртөө из суутуп кетүүгө үлгүргөн. 16-октябрда издөө иш-аракеттеринен улам Бишкектин чет-жакасындагы "Дордой-1" жаңы конушунан кылмышкерлердин бири жок кылынган. 

Жолугушуу учурунда министр Турганбаев өлкө башчысын качып жүргөн үч кылмышкерди издөө иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, учурда ички иштер бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

"Түрмөдөн качкан кылмышкерлерди тез аранын ичинде кармоо боюнча бардык чаралар көрүлүшү кажет", — деп белгиледи Атамбаев.

Мындан тышкары, өлкө башчы коопсуздукту жана мамлекеттеги тартипти сактоого байланышкан бир катар тапшырмаларды берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0