ИИМ: түрмөдөн качкандар жаңы конуштардан жана дачалардан изделип жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМ кызматкерлери издөө иш-чараларында. Архив
ИИМ кызматкерлери издөө иш-чараларында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин маалыматына караганда, түрмөдөн качкандарды издөө операциясына миңге жакын кызматкерлер жана ЖАМК тартылды.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын жаңы конуштарында, калаанын тегерегиндеги аймактардагы дачаларда №50 түрмөдөн качкандарды издөө иштери улантылууда деп билдирди Sputnik сайтына ИИМдин маалымат кызматынан.

ИИМ кызматкерлери патрулдоо мезгилинде. - Sputnik Кыргызстан
"Дордойлуктар" менен "Энесайлыктар" мынча автоматчаны көргөн эмес
11-октябрдын түнүндө №50 абактан тогуз киши качкан. Качып бара жатып Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) үч кызматкерин өлтүрүп, бирөөнү жарадар кылып кетишкен. Ошол эле түнү бешөө кармалган. Ал эми жардар болгон ЖАМКтын кызматкери 15-октябрда ооруканада каза болду.

Бишкек шаары күч түзүмдөрүнүн масштабдуу издөө операциясы жүрүп, 16-октябрда милиция "Дордой-1" жаңы конушунан түрмөдөн качкандардын бири Данияр Кадыралиевди жок кылган. Учурда алардын үчөө изделүүдө. 

"Качкандарды издөө иштери азыр да улантылып жатат. Тинтилип жаткан шектүү делген аймактарды ачык айта албайбыз. Алар негизинен Бишкектин тегерегинде жайгашкан жаңы конуштар жана дачалар", — деди ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү.

ИИМдин маалыматына караганда, издөө операциясына ИИМдин миңге жакын кызматкерлери тартылды. Ага Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, ИИМдин атайын даярдыктагы СОБР отряды, кинологдор, министрликтин атчандар взводу, андан сырткары Жаза аткаруу кызматы катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0