Барак эксклавына материалдык жардам көрсөтүлдү

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЧыпта жүктөө. Архив
Чыпта жүктөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Барактыктарга алты жүк ташуучу унаа менен керектүү азык-түлүк жана техника жеткирилди.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавына зарыл болгон күндөлүк колдонуулуучу азыктар, жер семирткич жана техника жеткирилгенин Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мүшөк ун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Беш мүшөк ун жана 20 литр бензинди Казакстандан Кыргызстанга документсиз алып өтсө болот
Маалыматка ылайык, өкмөттүн Барак эксклавынын тургундарына жардам көрсөтүү жөнүндөгү буйругун аткаруу максатында16-октябрда КР ӨКМ тарабынан алты оор жүк ташуучу унаа бөлүнүп, жети тонна азот, 4,2 тонна жер семирткич, 18 тонна буудай, бир трактор жана бир комбайн жеткирилген.

Жүк ташуучу унаалар кайтканда терек жүктөп келишкен.

Ош облусунун аймагына кирген Барак эксклавы Кыргызстандагы ири эксклавдардын болуп саналат. Ал Ак-Таш айыл округунун курамына кирет. Аталган аймакта этникалык кыргыздар жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0