Сариев: Алыкул акындын жүз жылдыгын 29-октябрда салтанаттуу белгилейбиз

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Темир СариевАлыкул Осмоновдун айкелинин ачылышында. Архив
Премьер-министр Темир СариевАлыкул Осмоновдун айкелинин ачылышында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгын белгилөө боюнча өкмөттүн атайын токтому чыккан.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргыздын классик акыны Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракеси Бишкекте 29-октябрда салтанаттуу белгиленет. Бул туурасында өкмөт башчысы Темир Сариев Каптал — Арык айылында акындын эстелигин ачып жатканда билдирди.

Сариев алп акын Алыкулдун айкелинин ачылышына катышып, каражат тапшырды
Ал юбилей алдында аткарылып жаткан иштер акындын баа жеткис поэзиясынын алдында эч нерсеге татыбастыгын, Алыкул өзүнүн ыры менен бүтүндөй бир доорду жаратып кеткендигин айтты.

Быйыл акындын 100 жылдыгын белгилөө боюнча өкмөттүн атайын токтому чыккан. Кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун мааракесине карата бир топ маданий иш-чаралар уюштурулууда.


Жаңылыктар түрмөгү
0