Ош шаарындагы аскерлердин балдары аянтчалуу болушту

© пресс-служба мэрии города ОшБалдар аянтчасы. Архив
Балдар аянтчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдардын аянтчасы 500 чарчы метрди ээлейт. Анын урматына бөбөктөргө таттуулар таратылып, чакан майрам уюштурулду.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Ош шаарында жайгашкан Башкы Штабдын Түштүк-Батыш аймактык командачылыгынын кызматкерлери үчүн балдар аянтчасы ачылды. Бул туурасында Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

Президент балдар аянтчалары үчүн каражат бөлдү
Балдар ойной турган мындай жай кечээ, 17-октябрда ачылып, ага Башкы Штабдын Түштүк-Батыш аймактык командачылыгынын жетекчиси Эрнист Тердикбаев, шаардын вице-мэр Ильичбек Эргешов жана кичинекей бөбөктөр катышты.

Буга чейин мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев аскер кызматкерлерине үйдүн ачкычтарын тапшырып жаткан учурда, балдарга да аянтча курууга сертификат берген. 

"Буга чейин президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда 80 батирлүү үй пайдаланууга берилип жатканда, ал дагы 500 миң сомдук сертификат берип, каражатка балдар аянтчасы куруларын айткан. Мамлекет башчысы ошондо берген каражатка аянтчаны куруп бүттүк", — деди Тердикбаев. 

Курулган жайдан жалпы аянты 500 чарчы метрди ээлейт. Анын урматына бөбөктөргө таттуулар таратылып, чакан майрам уюштурулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0