"Түндүкэлектро" бөлүштүрүүчү энергокомпаниялар арасындагы мелдеште жеңүүчү болду

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүРабота филиала ОАО "МРСК Сибири" - "Омскэнерго"
Работа филиала ОАО МРСК Сибири - Омскэнерго - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакта ишкана кызматкерлери ток урган 75 килограмм салмактагы жасалма кишини куткарып, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүү, жабыркаган өткөргүчтү жана башка техниканы алмаштыруу, трансформатордук подстанциядагы өрттү өчүрүү боюнча күч сынашты.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Баткен шаарында өлкөдөгү бөлүштүрүүчү энергокомпаниялар арасында мелдеште "Түндүкэлектр" ишканасы "Жылдын мыкты бригадасы" болгонун аталган компания билдирди.

Үч күнгө созулган жарышка "Ошэлектр", "Жалалабадэлектр", "Түндүкэлектр" жана "Чыгышэлектр" бөлүштүрүүчү энергокомпаниялар катышып, алты баскыч боюнча күч сынашкан. Шарт боюнча мелдештин жеңүүчүсү аталган мыкты бригада КМШ өлкөлөрүнүн жарышына жолдомо алат.

Электрик жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткенде энергокомпаниялар кесипкөйлүк жактан күч сынашууда
Сынакта ишкана кызматкерлери ток урган 75 килограмм салмактагы жасалма кишини куткарып, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүү, жабыркаган өткөргүчтү жана башка техниканы алмаштыруу, трансформатордук подстанциядагы өрттү өчүрүү боюнча күч сынашты.

Биринчиликти багындырган "Түндүкэлектр" ишканасына 700 миң сомдук унаа белгиленген сертификат берилди. Экинчи орунга ээ болгон "Ошэлектр" ишканасы 400 миң сомдук сертификат менен сыйланды. "Жалалабадэлектр" үчүнчү болуп, 250 миң сомго ээ болду. Ал эми төртүнчү орун "Чыгышэлектр" ишканасына тийди. Ага 150 миң сомдук сертификат берилди.

Совет мезгилинен бери салтка айланган бул мелдеш Кыргызстанда эки жылда бир жолу өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0