"Дордойлуктар" менен "Энесайлыктар" мынча автоматчаны көргөн эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМ кызматкерлери патрулдоо мезгилинде.
ИИМ кызматкерлери патрулдоо мезгилинде. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскер кызматкерлери шек жараткан көчөлөрдө түрмөдөн качкандарды үймө-үй тинтип, кинологдор калың камыштарды түп көтөрө кыдырып, милиция жылаңайлактанып алып суу кечип издеди.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Журналисттердин көбү 16-октябрдын таңын операциядан кийин каза болгон подполковник Тилек Абылгазиев өлүмү боюнча суук кабар жазуудан башташты. Аны №50 түрмөдөн качкандар оор жарадар кылышкан.

© пресс-служба ГСИН КРСкончавшийся подполковник ГСИН Тилек Абылгазиев
Скончавшийся подполковник ГСИН Тилек Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Скончавшийся подполковник ГСИН Тилек Абылгазиев

12-октябрга караган түнү №50 тергөө абагынан тогуз кылмышкер качып чыгып, ал жердеги Жаза аткаруу кызматынын үч кызматкерин өлтүрүп, бирин оор жарадар кылып кетишкен. Оор жаракат алган Абылгазиев 15-октябрдын түнүндө кайтыш болуп, бүгүн аны кичи мекени – Нарынга сөөгүн жөнөтөөрүн маалымдашты. 

Кандуу окуя башталып, кылмышкерлер качкандан кийин "Перехват" планы жарыяланат. Алар түрмөдөн чыккандан кийин Бишкекке багыт алат. Качкандардын экөө жолдон түшүп калып, Ленин айылындагы тааныштарыныкына кеткен. "Перехват" планынын натыйжасында алардын бешөө бир нече сааттан кийин эле кармалып, калган экөө качып кеткенге үлгүргөн. Милиция жалпысы болуп анда төрт адамга издөө жарыялаган. 

Бул окуядан кийин аларды Бишкектин бир нече жеринен жолуктурушкан деген маалыматтар айтылды. Бүгүн эртең менен кулак салып, саксактап турган маалыматтар такталды. "Дордой" базарынын чет жакасынан алдын ала түшкөн маалыматтардын негизинде тинтүү жүргүздү. Милиция "Дордой-1" жаңы конушунан түрмөдөн качкандардын бири Данияр Кадыралиевди таап, ал курчоого алынганда милиция кызматкерлерине бычак менен каршылык көрсөткөн соң, ага ок чыгарылгандыгын ИИМ билдирди. Ошентип, күч түзүмдөрүнө төрт күндөн бери уйку бербей келе жаткандардын бири жок кылынды. Анткен менен таң эртеден берки маалыматтарда Кадыралиев менен Азамат Мусуралиевди бирге көргөндүгүн, бир катарлары тамдын чатырынан байкагандыгын айтышкан. Милиция учурда эмки бутага Мусуралиевди алып, тинтип издеп баштады. 

Бул издөө иштери таң эртеңден кечке чейин уланды. Бишкектин түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан "Дордой", "Энесай" конуштарынын жашоочулары жарандык кийимчендеринен тарта бетин чүмкөп, автомат кармаган аскер адамдарын бүгүнкүдөй көп санда көргөн эмес. 

Суу кечкен милиция, сабак токтобогон мектеп

Аскер кызматкерлери шек жараткан көчөлөрдө түрмөдөн качкандарды табуу үчүн үймө-үй тинтип, кинологдор аймактагы талааларды, калың камыштарды түп көтөрө кыдырып, милиция жылаңайлактанып алып суу кечип издеди. 

Милиция качкан кылмышкерлерди Энесай жаңы конушунан издөөдө. Качкындардын бири бүгүн кармоо учурунда жок кылынган - Sputnik Кыргызстан
"Энесай" жаңы конушунда кылмышкерлерди издөө. Окуя болгон жерден сүрөттөр
Анткен менен кылмышкерлер изделген аймактагы мектептердин биринде, милиция толо жүрүп, кооптуулук коштоп турган учурда окуу процессин үзгүлтүккө учураган жок. Анын директору менен байланышканыбызда, балдарды азыр үйлөрүнө тобокелдикке салып жибере албастыгын, милиция "окута бергиле" дегенин билдирди.

Көпкө чейин эсте калган картина – үймө-үй тинтип жаткан аскерлер менен катар эле жайбаракат маанайда жергиликтүү жашоочулардын, окуучулардын, ал тургай эмчектеги балдарын көтөрүп алып, көчөдө жүргөндүгү болду. 

© Sputnik / Табылды КадырбековПоиски беглого заключенного в районе рынка "Дордой"
Поиски беглого заключенного в районе рынка Дордой - Sputnik Кыргызстан
Поиски беглого заключенного в районе рынка "Дордой"

Окуянын учугу мындан беш күн мурда тогуз кылмышкердин №50 түрмөдөн качып чыкканынан башталган. Кийин алардын сегизи мындан беш жыл мурда Бишкекте терракт уюштурган "Жайшуль-Махди" уюмунун мүчөлөрү экендиги маалым болду. Учурда качкандардын бешөө колго түшүп, бирөө өлүп, үчөө издөөдө турат. 

Качкандардын жашынган жерин айткан жарандарга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 300 миң сом акча сайды

ИИМ кызматкерлери издөө кезинде. - Sputnik Кыргызстан
Качкан кылмышкер табылбаса, милиция аймактагы курчоону албайт
Качкандар реанимациядан чыкпай калган полковникти кошкондо төрт кызматкердин канына забын болушту. Ошентип, он бала атасыз жетим калды.

Мусуралиев күүгүм киргенге чейин табылган жок. Үн күчөткүч аркылуу өз эрки менен колго түшүп берүү сунушу майнапсыз болду. Күндүз колго түшпөгөн Мусуралиевдин түндө кармалары али белгисиз.

Ал эми көз байланганда "Дордойдон" угулган октун үнү туурасында ИИМден түшүндүрмө беришти. Короодон секирип бара жаткан аскердин куралы түшүп кетип автомат атылгандыгын, андан эч ким зыян тартпагандыгын айтышты. 

Анткен менен "Дордой" жаңы конушундагы курчоо алынбай турганын, кирип-чыккан ар бир автоунаа тыкыр текшерүүгө алынып жаткандыгын ИИМ билдирди. 

Шаардык милиция түрмөдөн качкан кылмышкер жок кылынган аймакты түнү бою кезектешип күзөтө турганын Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0