ИИМ кылмышкерлер жашырынып жүргөн "Дордойдогу" ок атуу боюнча түшүндүрмө берди

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМ кызматкери "Дордой" базарындагы райондордо издөө малы.
ИИМ кызматкери Дордой базарындагы райондордо издөө малы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрмөдөн качып чыккан кылмышкерлердин бири бүгүн эртең менен укук коргоо органдары тарабынан жок кылынган. Экинчиси учурда изделип жатат.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. ИИМ "Дордой" жаңы конушунда качкын кылмышкер Азамат Мусуралиевди издөө учурунда жаңырган курал үнү боюнча түшүндүрмө берди.

Буга чейин милицияга аталган качкындын "Дордой" конушунда жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Кылмышкерлердин бири "Дардой-1" жаңы конушунда жок кылынды.

Министрлик атайы дайындоо бөлүгүнүн жоокери дарбазадан секирип өтүп жатканда автоматы кулап, атылып кеткенин билдирди. Октон эч ким жабыркаган эмес. 

Милиция качкан кылмышкерлерди Энесай жаңы конушунан издөөдө. Качкындардын бири бүгүн кармоо учурунда жок кылынган - Sputnik Кыргызстан
"Энесай" жаңы конушунда кылмышкерлерди издөө. Окуя болгон жерден сүрөттөр
Дүйшөмбү күнү №50 түрмөдөн тогуз кылмышкер качып чыгып, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын үч кызматкерин өлтүрүп, бирөөнү оор жарадар кылышкан. Жаракат алган офицер операциядан кийин ооруканада каза болду. 

Качкындардын бешөө ошол эле күнү кармалып, төртөө из жашырганга үлгүргөн. Анын бири өлтүрүлүп, калганы изделип жатат.

ИИМ качып жүргөн кылмышкерлердин жашынган жери тууралуу маалымат берүүнү элден суранат. Мындай маалымат берген жарандар үчүн УКМК 300 миң сом сыйлык бере турганын да билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0