Диль: Бишкек — Тбилиси — Франкфурт-на-Майне авиакаттамын ачуу зарылдыгы бар

Жазылуу
Сүйлөшүү маалында Диль менен Гарибашвили эки өлкөнүн экономикалык жана гуманитардык байланышын кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бишкек — Тбилиси — Франкфурт-на-Майне авиакаттамын ачуу маселеси каралууга тийиш экенин вице-премьер Валерий Диль Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвили менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан аймактагы мамлекеттер менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багытта кызматташууга кызыкдар. Мында өлкөлөр ортосундагы унаа байланышын өнүктүрүү чоң мааниге ээ экени айтылды.

"Кыргызстан Бишкек — Тбилиси — Франкфурт-на-Майне авиакаттамын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап, өкмөт аралык комиссиянын алгачкы жыйынын өткөрүүгө даярдык көрүүнү сунуштайт. Бул Кыргызстан менен Грузиянын мамилелеринин өнүгүшүнө түрткү болот", — деди Диль.

Өз кезегинде Гарибашвили Грузия Кыргызстан менен болгон кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүгө дилгир экенин белгиледи.

"Жолугушуу учурунда бир катар сунуштар айтылды. Биз аны карап чыгууга даярбыз", — деди премьер-министр.

Сүйлөшүү маалында Диль менен Гарибашвили эки өлкөнүн экономикалык жана гуманитардык байланышын кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0