"Түндүкэлектр" доо арыз менен Чүй облустук сотуна, Башкы прокуратурага кайрылды

© Sputnik / Андрей Старостин / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту кардарлардын укугун коргоочу "Кыргыз Трансконтроль" коомдук бирикмесинин өкүлү Виктор Горевдин арызынын негизинде ишкананын банк эсебин камакка алуу чечимин чыгарган.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. "Түндүкэлектр" ишканасынын банк эсеби камакка алынгандыктан, ишкананын бардык кардарлары жарыксыз калуу коркунучу жаралганын мекеменин маалымат катчысы Гуля Мураталиева Sputnik агенттигине билдирди.

Анын айтымында, ишкананын банктагы эсеби Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун чечими менен 13-октябрда камакка алынган. Соттун мындай чечим кабыл алуусуна кардарлардын укугун коргоочу "Кыргыз Трансконтроль" коомдук бирикмесинин өкүлү Виктор Горевдин арызы себеп болгон.

"Горев "Түндүкэлектр" тарифтерди төмөндөтсүн деп сотко кайрылган. Арызды караган сот доочунун талабын канааттандырган. Сот эмненин негизинде чечим кабыл алганы бизге түшүнүксүз. Себеп дегенде тарифтерди аныктоо бөлүштүрүүчү компаниянын эмес, Отун-энергетика комплексин жөнгө салуучу Мамлекеттик агенттигинин компетенциясында. Тарифти алар белгилегенден кийин өкмөт бекитет", — деди Мураталиева.

Сот иши "Түндүкэлектр" ишканасынын өкүлдөрүсүз өткөнүн жана сот тууралуу билдирүү ишканага берилбегенин ал кошумчалады.

Бош кресло. Архив - Sputnik Кыргызстан
Искендер Кадыркулов кайрадан "Түндүкэлектро" ишканасын жетектеди
Жаралган кырдаалдан улам "Түндүкэлектр" ишканасынын чыгымдары өсүп жатканын Мураталиева баса белгиледи. Себеби, банк эсеби камакка алынгандыктан кредиттик жана дебитордук карыздар өсүп, кардарлардын төлөмдөрү түшпөй жатат. Анын кесепетинен ишкананын салыктары көбөйүп, кызматкерлерге маяна берилбей турат. Анткени бардык жумушчулар айлыкты банктан карточка менен алат.

Эгер абал ушундай өңүттө улана берсе, кардарларды карызы үчүн электр жарыгын өчүрүүгө туура келерин "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Учурда ишкана доо арыз менен Чүй облустук сотуна жана Башкы прокуратурага кайрылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0