Жумгалда таяктан өлгөн 9-класстын окуучусу боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыга элек

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүЛабораториядагы пробиркалар. Архив
Лабораториядагы пробиркалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сентябрь айынын ортосунда Жумгал районундагы Көк-Ой айылында 11-класстын окуучусу сабап салган 9-класстын окуучусу каза болгон.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы мектепте таяк жеп каза болгон окуучу баланын иши учурда тергелип бүтө электигин райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Шахтербек Токсонбаев Sputnik агенттигине билдирди.

Орто мектептин бөлмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жумгалдагы баланын өлүмү: чатактын себеби салыкпы же кыркылган чачпы?
Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы Турусбек уулу Султан атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу Эркинбек Жекшенбек уулу 19-сентябрда мектепте каза болгон. Билим берүү министрлигинин расмий маалыматына ылайык, ушул эле мектептин 11-классынын окуучусу Жайылбек Таалайбеков Эркинбекти жүрөк тушка катуу урган

Токсонбаев учурда тергөө амалдары толук жүрүп жатканын айтты.

"Бүгүнкү күнү тергөө иштери улантылууда. Шектелген бала учурда камакта. Экспертизанын жыйынтыктары да азырынча чыга элек", — деди Токсонбаев.

Ал экспертизанын жыйынтыктары чыгып, тергөө аяктагандан кийин ал сотко жөнөтүлө турганын ал кошумчалады.

Окуучулардын өлүмүнө алып келген кырсыктарды атайы түзүлгөн комиссия иликтей турганын вице-премьер Дамира Ниязалиева Жумгал районуна болгон иш сапарынын учурунда билдирген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0