Президент ооруканадагы ЖАМК кызматкерине жана өлгөндөрдүн үй-бүлөлөрүнө 50 миң сомдон бөлдү

Жазылуу
Кызмат учурунда курман болгон кызматкерлер кечээ жерге берилди. Ал эми баш сөөктөрү сынып, мээсине доо кеткен Абылгазиев учурда Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүндө дарыланууда. Ага кечээ экинчи ирет операция жасалган.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн фондунан курман болгон ЖАМК кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө жана кылмышкерлерден жабыркап оор абалда ооруканада жаткан Тилек Абылгазиевге 50 миң сомдон бөлүп бергенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
№50 түрмөдөн качкандар жарадар кылган кызматкерге 2-операция жасалды, анын абалы оор
Аталган кызматкерлер дүйшөмбүгө караган түнү абактан качып чыккан кылмышкерлерди токтотууга аракет кылышкан. Мында алардын үчөө өлтүрүлүп, дагы бири оор жарадар болгон. 

Кызмат учурунда курман болгон кызматкерлер кечээ жерге берилди. Ал эми баш сөөктөрү сынып, мээсине доо кеткен Абылгазиев учурда Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүндө дарыланууда. Ага кечээ экинчи ирет операция жасалды. Дарыгерлер бейтаптын абалы оор  болгону менен дем алуусу бир калыпта экенин айтышууда.

Президенттин бөлүп берген каражаты бүгүн ЖАМК жетекчилиги тарабынан өз даректерине берилди.

Буга чейин өкмөттүн атынан вице-премьер Абдырахман Маматалиев материалдык жардам иретинде аталган жарандарга 50 миң сомдон акча берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0