11:20 27 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8443
  • EUR77.1640
  • RUB1.1301
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Ажылык – 2015 (42)
20 0 0

Ажылык сапарга Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 25-августта учуп кеткен.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Медина — Бишкек багыты боюнча кыргызстандык зыяратчылардын акыркы тобу бүгүн саат кечки жетиден өткөндө Эл аралык "Манас" аэрропортуна келип конот. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Ажылык сапар Кыргызстанда августтун аягында башталган.

"Бүгүнкү каттам менен 2015-жылдын эсебинен чоң ажылыкка кеткен зыяратчылардын акыркы тобу, 208 киши кайтып келет. Аларды ичинде ажы башчылары да бар",— деди Атабаев.

Маалымат катчысы Сауд Аравиясынан учурда 3400 зыяратчы кайтып келгендигин, бул сапар менен 2015-жылдагы ажылык сапар соңуна чыгарын кошумчалады.

Быйылкы ажылык сапардын баасы 2550 долларды түзгөн.

Тема:
Ажылык – 2015 (42)

Тема боюнча

Чүй, Бишкектен аттанган ажылардын алгачкы тобу кайтып келди
Ош облусунан ажыга кеткен зыяратчылардын алтынчы тобу тобу кайтып келди
Белгилер:
ажылык сапар, Максат Атабаев, Медина, Сауд Аравиясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ