Атамбаев: V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өзүнүн тарыхый миссиясын аткарды

Жазылуу
V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өз ишин аяктагандыгына байланыштуу президент депутаттарга кайрылуу жасады.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин V чакырылышы эгемендүү Кыргызстандын өнүгүү жолунда тарыхый милдет өтөдү деп баа берди. 

"Өз ишин жыйынтыктап жаткан Жогорку Кеңеш мамлекетибиздин тарыхындагы өтө оор мезгилде түзүлгөн. 2010-жылдын Апрель революциясынан жана июнь окуяларынан кийинки абдан татаал коомдук-саясый кырдаалды турукташтыруу, үй-бүлөлүк-кландык жана авторитардык башкаруунун кесепеттерин жоюу, дегеле мамлекетти сактап калуу милдети турган эле", — деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Ал келечекке жол ачкан, маанилүү чечимдерди кабыл алууда Жогорку Кеңеш колдоо көрсөтүп тургандыгын белгилеген. 

"Албетте, Жогорку Кеңеште көптөгөн талаш-тартыштар болду. Кээде шашылыш, бышыкталбаган, негизделбеген чечимдер кабыл алынды. Бирок жалпысынан парламент өзүнүн тарыхый миссиясын аткарды. ЖКда өлкөнү өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү миңден ашуун мыйзам кабыл алынды. Мамлекетибиздин тагдырын чече турган эл аралык макулдашуулар ратификацияланды", — деп жазылган билдирүүдө.

Мамлекет башчысы V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш эми тарых энчисине өтөрүн, анын ишмердигине адистер, эксперттер өз баасын беришерин, алардын ишине берилген эң жогорку баа элдин баасы экендигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0