Шаардыктар жыйналбаган таштанды тууралуу WhatsAPP аркылуу билдиришүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековУюлдук телефондогу WhatsApp программасы. Архив
Уюлдук телефондогу WhatsApp программасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия шаар тургундарынан жыйналбаган акыр-чикир тууралуу маалымат берүүнү улантууну өтүнөт.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясынын райондук администрацияларынын WhatsAPP тиркемесине жыйналбаган таштанды тууралуу 2-сентябрдан 14-октябрга чейин 913 арыз келип түшкөнүн шаардык муниципалитет билдирди.

"Таштандыны туура эмес ыргыт" эксперименти шаардыктардын кыжырын кайнатты
Маалыматка ылайык, Ленин району 177 кайрылуу түштү, анын 138 канааттандырылды. Октябрь районуна келип түшкөн 436 арыздын 374ү аткарылган. Биринчи Май районунун дарегине келген 203 кайрылуунун бардыгы ишке ашкан. Ал эми Свердлов районуна 97 арыз түшүп, анын 49у канаттандырылган, дагы 15 кайрылуу учурда кароодо турат.

Мэрия шаар тургундарынан мындай маалымат берүүнү улантууну өтүнөт.

 

  • Ленин району — Мирлан Азимбаев— 0556 25-05-82;
  • Октябрь району — Таалайбек Акматбаев— 0777 55-22-11;
  • Биринчи Май району — Акматалы Омукеев— 0771 57-71-82;
  • Свердлов району — Сагынбек Шакитов— 0773 56-73-70.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0