Ош облусунан ажыга кеткен зыяратчылардын алтынчы тобу тобу кайтып келди

© пресс-служба Ошского областного казыятаМедина — Ош багыты боюнча Ош облусунан учуп кетишкен зыяратчылардын тобу Кыргызстанга кайтып келди.
Медина — Ош багыты боюнча Ош облусунан учуп кетишкен зыяратчылардын тобу Кыргызстанга кайтып келди. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ажылык сапар Кыргызстанда августтун аягында башталып, зыяратчылардын алгачкы тобу 25-августта Ош шаарынан учкан.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Медина — Ош багыты боюнча Ош облусунан учуп кетишкен зыяратчылардын алтынчы тобу кечээ кечинде Кыргызстанга кайтып келгенин Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Бул аба каттам менен Өзгөн, Алай, Араван райондорунан бир, Баткен облусунан бир топ, жалпысынан 200 зыяратчы ажылык амалдарын аткарып кайтты. Бүгүнкү күнгө карата Ош облусунан жалпысы 910 жаран мекенине кайтты.

Ажылык сапар Кыргызстанда августтун аягында башталып, зыяратчылардын алгачкы тобу 25-августта Ош шаарынан учкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0