ИИМ соцтармактарга жарыяланган атышуу тууралуу маалыматты четке какты

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүТапанча кармаган киши. Архив
Тапанча кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атышуу Ботаникалык бактын аймагында болуп жатканын соцтармактардын пайдалануучулары жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Социалдык тармактарда Бишкектин Ботаникалык багында атышуу болуп жаткандыгы тууралуу маалымат тарап кеткен.

Ал соцтармактын Нижний Нооруздагы түрмөдөн качып чыккан кылмышкерлердин темасынын алкагында жазылган. 

В ботаническом саду идёт якобы перестрелка с избежавшими террористами из СИЗО.Дай Бог в скором времени они будут задержаны либо ликвидированы!!!Будьте осторожны жители ботсада!

Posted by Адилет Калыгулов on 13 октября 2015 г.

УКМКнын маалымат кызматы мындай билдирүүдөн кабары жоктугун айтып, ИИМге кайрылууну сунуштаган. Ички иштер министрлиги атышуу тууралуу маалыматты четке какты. 

Дүйшөмбүгө караган түнү түрмөдөн тогуз кылмышкер качып чыккан. Аларды токтотууга аракет кылган ЖАМКтын кызматкерлеринин үчөө өлтүрүлүп, бирөө катуу жаракат алган. Жол кайгуул кызматы кылмышкерлердин бешөөнү кармап, калгандары качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Учурда алар изделип жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0