"Тумар" бий тобу каражаттын жоктугунан Америкадагы сынакка барбай калышы мүмкүн

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКоляска. Архив
Коляска. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин бий тобу буга чейин Украина жана Түркиянын таланттар сынагына катышып, чоң ийгиликтерге жетишкен. Мындан тышкары, Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн "Коляскадагы бий" сынагына Кыргызстан биринчи ирет катышып, республиканын атынан барган "Тумар" тобу биринчи орунду багындырган.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар-кыздардан турган "Тумар" бий тобу каражаттын жоктугунан АКШнын Лас-Вегас шаарында өтө турган AMERCAN GOT TALENT сынагына катышпай калышы мүмкүн экенин Sputnik агенттигине топтун машыктыруучусу Эрмек Кадыров билдирди.

Анын айтымында, мындан 3-4 күн мурун сынак уюштуруучуларынан чакыруу келген. 

"Азырынча барар-барбашыбыз белгисиз, анткени бардыгы келип каражат маселесине такалат. Учурда демөөрчү издөө менен алек болуп жатабыз. Лас-Вегаска барып келүү үчүн бир кишиге 1,5 миң доллар кетет экен", — деди Кадыров.

Маалыматка ылайык, бийчилер сынак өтүүчү Лас-Вегас шаарында 5-декабрда болушу керек, себеби 6-декабрь күнү саат 11.00дө топтун сахнага чыгуусу пландаштырылган.

Кадыров эгер топ сынакка катышып калса, америкалыктарга таптакыр башкача бий тартуулай тургандыктарын белгиледи.

"Азыр атайы эффектилер, заманбап технология кеңири пайдаланылган учур эмеспи. Бул жолу биз проектордун жардамы менен бийлейли деп жатабыз. Катуу даярданыш керек. Бирок каражат издөө зарылдыгы бардык убактыбызды да, оюбузду да алып жатат", — деди машыктыруучу.

Кыргызстандык Тумар КР тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тумар КР бий тобу Түркиядагы атактуу теледолбоордун финалына чыкты
Бийчи учурда Америкада өтө турган конкурстун шарты менен тааныша электигин билдирди. Ал арада кечээ топ дарегине Испанияда өтчү сынакка чакыруу келип түшкөн.

Топтун курамында Самыйбек кызы Адина, Таалайбек уулу Эрдик, Карабек уулу Талгат бийлеп, аларды Эрмек Кадыров менен Тимур Сыдыков машыктырат.

"Тумар" бий тобу буга чейин Украина жана Түркиянын таланттар сынагына катышып, чоң ийгиликтерге жетишкен. Мындан тышкары, Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн "Коляскадагы бий" сынагына Кыргызстан биринчи ирет катышып, республиканын атынан барган "Тумар" тобу биринчи орунду багындырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0