Оштогу эстакадалык көпүрөнү күнү-түнү куруп жатышат

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаарында курулуп жаткан эстакадалык көпүрө. Архив
Ош шаарында курулуп жаткан эстакадалык көпүрө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул эстакадык көпүрөнүн курулушу 2015-жылдын октябрынын аягында колдонууга берилиши керек.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Ош шаарында курулуп жаткан эстакадалык көпүрөнүн үстүн жана ага кеткен жолдорду асфальттоо иштери жүрүп жатат деп билдиришти Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматынан.

"Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу эки мөөнөттө жүрүп жатат. Тирөөчтөрү орнотулуп, бекемделип, жерге шагыл төгүлдү. Ага катар эле Мажүрүм-Тал, Өзгөн жолдорунда жөө кишилер басуучу өтмөктөр курулууда", — деп билдирди маалымат кызмат. 

Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн курулушунун экинчи этабы жүрүп жатат
Алар тирөөчтөргө жарыкты күчтүү берүүчү лампалар орнотулуп, күнү-түнү 250гө чукул курулушчулар 50 чамалуу атайын техникалар менен иштеп жаткандыгын кошумча билдиришти. 

Ош шаарындагы бул эстакадык көпүрөнүн курулушу 2015-жылдын октябрь айынын аягында колдонууга берилиши керек. Түштүк борборго алгачкы ирет түшө турган бул объектинин узундугу 264, туурасы 24 метр. 

Жаңылыктар түрмөгү
0