Министрдин мурунку орун басарына дагы бир кылмыш иши козголду

© Sputnik / Диля РодионоваЗаместитель министра обороны Нуркалый Жумабаев. Архивное фото
Заместитель министра обороны Нуркалый Жумабаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумабаев мүлктү каттоо мыйзамын бузуп, декларацияга 2013-2014-жылдардын аралыгында жеткен беш жеңил унаа, эки батир, эки кампа, эки турак үй жана коттедж курулган жер тилкесин киргизген эмес. Аталган мүлктүн баары үй-бүлө мүчөлөрүнө катталган.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Коргоо министринин мурунку орун басары Нуркалый Жумабаевге карата "Мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун УКМК билдирди.

Буга чейин экс-чиновник ведомствонун имаратынан чыгып келе жатып бутун кокустатып алган. Бирок камсыздандыруу акчасын алыш үчүн бутун иш учурунда кокустатты деген жалган документ жасалганы аныкталып, бул боюнча кылмыш иши козголгон.

Коргоо министринин шеврону. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Коргоо министринин орун басары кармалды
Андан кийин президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен министрдин орун басары кызматынан алынган.

Маалыматка ылайык, Жумабаев мүлктү каттоо мыйзамын бузуп, декларацияга 2013-2014-жылдардын аралыгында жеткен беш жеңил унаа, эки батир, эки кампа, эки турак үй жана коттедж курулган жер тилкесин киргизген эмес. Аталган мүлктүн баары үй-бүлө мүчөлөрүнө катталган.

Коррупцияга каршы кызматынын чогулткан материалдарынын негизинде Аскердик прокуратура Жумабаевге карата кылмыш жаза кодексинин "Мыйзамсыз баюу" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0