Россиянын абактарында 1,5 миң кыргызстандык жаза өтөөдө

© Sputnik / Андрей СтенинАбактагы адам. Архив
Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңиштин 70 жылдыгына карата жарыяланган мунапыстан улам 89 кыргызстандык эркиндикке чыккан.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата Россиянын аймагында соттолгон кыргызстандыктардын саны 1508 адамга жеткенин Федералдык жаза аткаруу кызматына таянуу менен Кыргызстандын РФтеги элчилиги билдирди.

"Мамлекеттик Думанын "Жеңиштин 70 жылдыгына карата мунапыс жарыялоо жөнүндө" токтомуна ылайык, 17-июлга чейин Кыргызстандын 89 жараны түрмөдөн бошотулган", — деп айтылат билдирүүдө.

Мында тергөө абактарынан чыккан жарандардын саны 27ни түзсө, 51 кыргызстандык түзөтүү колонияларынан чыгарылган. Андан сырткары, жаза аткаруу инспекциясынан 11 адам бошотулган.

Мекеме дагы 33 кыргызстандыкка карата мунапыс эрежелери колдонулушу мүмкүн экенин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0