Баткенде окуучулар арасында аскердик эстафета өттү

© пресс-служба ГПС КРВоенно-спортивный лагерь для школьников. Архивное фото
Военно-спортивный лагерь для школьников. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери өзгөчө кырдалдарда сактануу жол-жоболорун иш жүзүндө окуучуларга көрсөтүп беришти.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Баткен облусундагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин III издеп-куткаруу отряды уюштурган бөөдө кырсыктардын коркунучун азайтуу күнүнө арналган аскердик эстафетага 13-октябрда мектеп окуучулары катышты. 

"Аскердик эстафетага Баткен шаарындагы Ленин, Жоомарт Бокөнбаев атындагы орто мектептердин жана Баткен гимназиясынын, №3 мектептин окуучулары жана Муьаз-ибн-Жабал медресесинин студенттери катышты", — деп билдирди Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматынынын өкүлү Фуркат Авлиёев.

Балдар аскердик-техникалык куралдар, жатакана шарттары менен таанышып, куткаруучулар өзгөчө кырдалдарда сактануу жол-жоболорун иш жүзүндө окуучуларга көрсөтүп беришти. Аскердик эстафетанын соңунда катышуучулар автоматты бат чечип, жыйноо боюнча жарыш өтттү. Маалымат кызматы, анын жыйынтыгында беш команданын ичинен мыкты чеберчиликтерин көрсөткөндүктөрү үчүн Муьаз-ибн-Жабал медресесинин командасы I даражадагы диплом менен сыйлангандыгын кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0