Кара-Сууда айдоо жерлери жеке жактарга мыйзамсыз өтүп кеткен

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖазгы талаа иштери. Архив
Жазгы талаа иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалган документтердин негизинде айыл өкмөтүнө караштуу айдоо жери турак жай курууга бөлүп берилген. Ал эми райондук сот жергиликтүү тургунду жердин ээси деп тааныган.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда жер тилкелерин мыйзамсыз берүү жана документтерди жасалмалоо фактыларынын негизинде кылмыш иши козголгонун УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган райондун Сарай айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жергиликтүү тургунга 1999-жылы жарым гектардан ашуун жер берилгендиги тууралуу жалган справка жазышкан. Анын негизинде райондук сот жаранды жер тилкесинин ээси деп таанып, ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы аталган жерди жеке турак-жай курулушу катары каттоого алган.

Күрөк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Райондук администрациянын жасалма токтомдору менен жер тилкелери мыйзамсыз берилген
Текшерүү учурунда "Кыргызгипрозем" Мамлекеттик долбоордук институтунун аныктоо белгилерине ылайык, көрсөтүлгөн жер тилкеси айыл чарба багытындагы жерлердин катарына кирип, айдоо жери болуп саналары аныкталган.

Бул факты боюнча УКМКнын тергөө бөлүмү Кылмыш жаза кодексинин 304 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 315 ("Кызматтык жасалмачылык"), 350 ("Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу") жана 166 ("Алдамчылык") беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0