Кыргызстанда жеке мал доктурлардын Ассоциациясы иштейт

Жазылуу
Ассоциациянын түзүлүшү мал чарбачылыгындагы маселелерди чечүүгө жана ветеринария боюнча мыйзамдарды жөнгө салууга жардам берет.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун жеке мал доктурлардын Ассоциациясын түзүү боюнча долбоору расмий ишке киргизилгенин уюмдун маалымат кызматы билдирди.

Өкүлдөрдүн айтымында, жеке ветеринарлардын туруктуу ассоциациясы мал чарбачылыгындагы бир катар маселелерди чечүүгө жана ошондой эле ветеринария мыйзамын жөнгө салууга, мал доктурлардын укугун коргоого шарт түзөт. 

Ветеринар — көк халатчан дарыгер
Долбоор Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Ветеринардык палата, Дүйнөлүк банк, ветеринардык дары-дармек менен камсыздоочу жактар менен биргеликте ишке ашат. Долбоор эки жылдык мөөнөткө каралган.

Кыргызстанда мамлекеттик ветеринардык кызматты реструктуризациялоо колхоз-совхоздордун жоюлушу менен 1991-жылдан тарта башталган. 

Ветеринардык кызматты кайра түзүү 2000-жылы улантылган, анда беш кызмат гана мамлекеттик статусун сактап кала алган.

2007-жылы ветеринария жаатындагы абалды жакшыртуу үчүн жаныбарлардын саламаттыгын коргоо боюнча Дүйнөлүк уюм мал доктурлардын ассоциациясын түзүүнү сунуштаган.

2015-жылы кыргыз өкмөтү Азык-түлүк жана айыл чарба уюмуна Кыргызстанда жеке ветеринарлардын ассоциациясын түзүүгө техникалык жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0