БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Түрмөдөн качкан кылмышкерлер катуу жарадар кылган ЖАМКтын кызматкери, подполковник Тилек Абылгазиев Чүй облустук оорукананын Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө которулганын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Ал эми кылмышкерлердин колунан каза тапкан үч кызматкердин сөөгү борбордук аппарат кызматкерлеринин коштоосу менен кичи мекендерине — Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарына жеткирилди.
Жол чыгымдарынын баарын ЖАМК көтөрүп, мекеменин кызматкерлери каза болгондордун үч-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүштү.