Түрмөдөн качкан кылмышкерлерден жабыркаган кызматкердин абалы оор

Жазылуу
Оорукананын реанимация бөлүмүндө жаткан кызматкердин баш сөөктөрү сынып, мээси жабыркаган. Мындан тышкары, көп кан жоготкон.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Түрмөдөн качкан кылмышкерлерден жабыркаган кызматкердин абалы абдан оор экенин Sputnik агенттигине Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Үч кызматкерди өлтүрүп качкан 9 кылмышкердин бешөөнү кармоо учурунда тартылган видео
12-октябрга караган түнү тогуз кылмышкер түрмөдөн качып, ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, бирөөсүн жарадар кылышкан. Учурда анын бешөө кармалып, төртөөнү издөө иштерине бардык күч түзүмдөрү тартылган.

Маалыматка ылайык, Чүй облустук ооруканага 12-октябрь күнү түнкү саат экиде түшкөн 53 жаштагы кызматкердин абалы оор бойдон калып, божомол да көңүл жылытарлык эмес.

"Жабырлануучунун баш сөөктөрү сынып, мээсине доо кеткен. Мындан тышкары, кан көп жоготкондуктан, анемия дарты аныкталды. Учурда ал эсине келе элек, дарыгерлердин дыкат кароосунда", — деп айтылат билдирүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги жабырлануучуга керектүү дары-дармек жана медициналык каражаттар жетиштүү экенин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0