Кылмышкерлердин түрмөдөн качышы кызматтык иттердин өнөрүн тартуулоого жолтоо болду

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүИт. Архив
Ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызматтык иттердин өнөрүн тартуулоо иш-чарасы кылмышкерлердин түрмөдөн качканына байланыштуу жылдырылды. Учурда бардык күч түзүмдөрү качып жүргөн төрт жаранды кармоого тартылган.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. ИИМдин кинология борборунун аймагында балдар үчүн кызматтык иттерди көрсөтүү иш-чарасы башка күнгө жылдырылганын аталган министрлик билдирет.

Сариев түрмөдөн качкан кылмышкерлердин иши боюнча шашылыш жыйын өткөрдү
Маалыматка ылайык, өзгөрүүлөр түрмөдөн кылмышкерлердин качканына байланыштуу болууда. 12-октябрга караган түнү тогуз кылмышкер түрмөдөн качып, ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүргөн. Учурда анын бешөө кармалып, төртөөнү издөө иштерине бардык күч түзүмдөрү тартылган

Жолугушуу учурунда милиция кызматкерлери окуучуларга кинология кызматы, иттердин кылмыш бетин ачууга көрсөткөн жардамы, буйруктарды аткарышы, алардын даярдыктан өткөрүү, баңги жана жардыруучу заттарды табуудагы иттердин мүмкүнчүлүгү жана кылмышкерлери кармоодогу алардын орду тууралуу айтып берүүсү каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0