Сариев түрмөдөн качкан кылмышкерлердин иши боюнча шашылыш жыйын өткөрдү

Жазылуу
Учурда ИИМ, УКМК жана ЖАМК эркиндикте жүргөн төрт кылмышкерди издөө иштерин улантууда. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү комиссия түзүлгөн. Кызматтык иликтөө иштери өткөрүлүп, камактагыларды колго түшүрүү боюнча зарыл чаралар көрүлгөн.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев камактагылардын топтошуп качып кетүү факты боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилеринин катышуусунда шашылыш жыйын өткөргөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

12-октбярга караган түнү тогуз кылмышкер түрмөдөн качып, ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүргөн. Учурда анын бешөө кармалып, төртөө издөөгө алынды.

Түрмөдөн качкандар "Жайшуль-Махди" террордук уюмунун мүчөлөрү болгон
Өкмөт башчы болуп өткөн окуя жана кылмышкерлерди кармоо боюнча тиешелүү органдардын жетекчилеринин маалыматын укту.

Ага ылайык, учурда ИИМ, УКМК жана ЖАМК эркиндикте жүргөн төрт кылмышкерди издөө иштерин улантууда. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү комиссия түзүлгөн. Кызматтык иликтөө иштери өткөрүлүп, камактагыларды колго түшүрүү боюнча зарыл чаралар көрүлгөн.

Премьер-министр кылмышкерлерди кармоо боюнча иштерди биргеликте өткөрүү боюнча чара көрүү, стратегиялык объектилердин коопсуздугун күчөтүү жана окуяга себеп болгон жагдайларды толук иликтеп чыгуу жана тийиштүү кызматтардын жоопкерчилигин аныктоо тапшырмасын койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0