Кыргызпатент каракчылыкка каршы акция өткөрөт

Жазылуу
Иш-чара продукциянын лицензияланган рыногун коргоо идеяларын пропагандалоо жана интеллектуалдык менчикти карактоого терс мамиле түзүү жана калктын маалыматын жогорулатууну максат кылат.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Бишкекте "Каракчылыкка жол жок" аттуу акция өтө турганын Кыргызпатент билдирди.

"Манас" эпосу CD жана DVD дисктерге чыкты
Маалыматка ылайык, акция автордук жана чектеш укуктарды коргоо жаатында мыйзамдуулукту сактоо, интеллектуалдык менчикке болгон укук бузууларга жол бербөөгө чакырат.

Мындан тышкары, продукциянын лицензияланган рыногун коргоо идеяларын пропагандалоо жана интеллектуалдык менчикти карактоого терс мамиле түзүү жана калктын маалыматын жогорулатууну максат кылат. 

Иш-чара үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында борбордук "Манас" кинотеатрынын аймагында өтөт.

Акцияга киноиндустриянын, министрликтер менен ведомстволордун, бизнес-түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, авторлор жана студенттер катышат. Мындан тышкары, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусу менен концерт өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0