Бишкек мэриясы карыларга жардам берүүнү улантууда

© Sputnik / Табылды КадырбековКарылар үйүндөгү кемпир. Архив
Карылар үйүндөгү кемпир. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин №31 мектебинин 1-11-классынын окуучулары акцияга активдүү катышкан. Аталган аймакта жашаган улуу адамдарга жана Интергельпо көчөсүндө жайгашкан карылар үйүнө барып, аларга жардам көрсөтүп, жылуу маанайда баарлашып келишти.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы кары-картаңдарга жардам берүү акциясын улантып жатканын аталган мекеме билдирди.

Бишкек шаарындагы карылар үйүндө жашаган апалар менен аталардын жашоосу
Маалыматка ылайык, карылар күнүнө карата муниципалитет "Кары адамдарга кам көрүү" бир айлыгын жарыялаган. Анын алкагында мектеп окуучуларынын кары-картаңдарга жардам берүүсү каралган.

Мындан улам Бишкектин №31 мектебинин 1-11-классынын окуучулары акцияга активдүү катышкан. Окуучулар аталган аймакта жашаган улуу адамдарга жана Интергельпо көчөсүндө жайгашкан карылар үйүнө барып, аларга жардам көрсөтүп, жылуу маанайда баарлашып келишти.

Бир айлык 15-сентябрда башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0